Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо маселесине байланыштуу Жогорку Кеңештин депуттары экс-премьер-министр Сапар Исаков Кытайга 46 жолу барган деп маалымдашты. Бирок Исаков бул маалыматты жокко чыгарды, бул тууралуу КСДПнын басма-сөз кызматы билдирди.

“Жакында Жогорку Кеңеште ЖЭБун маселеси талкууланды… Айрым депутаттар Сапар Исаков Кытайга көп жолу барганын айтышты. 46 же 16 деген сан жарыяланган. Бирок 6 жылдын ичинде Исаков Кытайга төрт эле жолу барган” – деп КСДП басма-сөзү басмалады.

Маалымат боюнча, экс-премьер Кытайга 2012-2017 жылдары расмий делегациялардын курамында гана барган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.