“Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому “Арзан турак жай 2015-2020” долбоору аркылуу 3 миң бюджеттик кызматкерлерге жеңил насыя берди. Бул тууралуу МИКнын басма-сөз кызматы билдирди.
МИКнын 3-миңинчи зайымчысы Ош шаарынын тургуну Жаркынай Момолоева болду. Зайымчынын айтымында, үй-бүлөдө төрт баласы бар, бирок азыркы убакытка чейин кайын атасынын үйүндө чогуу турушкан. Алынган насыяга, Момолоева төрт бөлмөлүү батир сатып алган.
“МИКсы аркылуу биз төрт бөлмөлүү батирге ээ болдук. Шаардын борборунда болбосо да, биз өзүбүздүн турак жайыбыздын ээсибиз. Биринчи төлөм менен күйөмдүн ата-энеси, туугандары малын сатып жардам беришти. Ошондуктан, алган насыябыз бир миллион сомдон ашты”, – деп зайымчы кубанды.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: