Бүгүн, 17-июнда, Бишкектин Ленин райондук сотунда эки кэс-мэр Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун иши боюнча отуруму өттү. Бул тууралуу КСДПнын басма сөз кызматы билдирди.
Экс-чиновниктердин жактоочусу Сергей Слесарев кылмыш иштен «Солнечный берег» пансионаттын кароосун чыгарууну талап кылган.
«Тергөө Ибраимовду пансионатты сатты деп күнөөлөдү. Бирок ал сатылган кезде “Дастандын” жетекчиси Юрий Васильев болгон», – деп жактоочу түшүндүрдү.
Бирок келтирилген фактыларга карабай, сот талапты четке какты.
Албек Ибраимовдун айтымында, келишимге кол койгон жаран күнөөнү мойнуна алган.
«Чыгым 152 млн сомду түзгөн. Тергөө иштери жүрүп жатканда үчүнчү кардар чыкканы билинген. Ал пансионатты 82 млн сомго сатып алган. Алып келген чыгымдарды кайтарып берген. Акционерлердин макулдугу бар. Мен ал кезде кызматтан кеткем», – деди Ибраимов.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: