Бишкек шаарынын Борбордук аянтында 6 июнда “Биз, жаштар – кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршыбыз!” атту флешмоб өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма соз кызматы билдирет.
Бул флешмоб аркылуу Кыргызстандын студенттери кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршы экендигин көрсөтөт. Бишкек шаарынын орто кесиптик билим берүү мекемелеринин, колледждердин, жогорку окуу жайлардын студенттери кыз ала качуу практикасын, кыздарды эрте турмуш курууга мажбурлоону токтотууга жаштарды жана алардын ата-энелерин үндөө үчүн чыгышат.
Катышуучулар флешмобдун эстафетасын өлкөнүн бардык облустарына жолдоону пландап жатышат.
Иш чарада ала качуу жана эрте турмуш куруу көйгөйүнө кайдыгер эмес беш миңдей студенттердин катышуусу күтүлүүдө.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: