«Кумтөр Голд Компанинин» жана «FSDS» (Туруктуу өнүктүрүү үчүн чечимдер) биргелешкен долбоорунун алкагында Ысык-Көлдүн жаштары бизнес долбоорлорун ишке ашырды. Анын алкагында элеттиктер алтын кендин каржылоосу аркылуу чакан бизнесин кеӊейтүүгө, модернизациялоого же зарыл болгон жабдуу сатып алууда, инфраструктураны жакшыртуу жана консультациялык жардам түрүндө колдоо табышкан.
Бул демилге Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө пайда алып келе баштады. «Ысык-Көл жаштарынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү» долбоору алкагында «Кумтөр Голд Компани» 74,13 миӊ доллар демөөрчүлүк кылган. Учурда Каракол, Балыкчы шаарында, Тоӊ, Жети-Ѳгүз районунун жаштарына 5 миӊ долларга чейинки акча каражатына керектүү жабдууларын камсыздалып, пайда алып келүүчү ишканалар ийгиликтүү иштеп баштады.
Жаш ишкерлердин катарын толуктаган Тоӊ районунун Бөкөнбай айылынын 28 жаштагы тургуну Венера Бактияр кызы жолдошу экөө биргелешип, кийим тигүүчү цехти иштетип жатат. Анын айтымында 4 жыл мурун тикмечилик кесипти аркалап, 1 тигүү машинасы менен ишти баштаган. Андан кийин 2,5 миӊ долларга 7 тигүү жабдыгын алып, 7 жумушчу орун түзгөн. 2018-жылы жаштар арасында бизнес долбооруна катышып, 2 миӊ долларга гранд утуп алганын.
«Кумтөр Голд Компанинин» жана «FSDS» биргелешкен долбоорунун алкагында окууларга катышып, долбоор жазганды үйрөндүк. Анын аркасы менен кичи цехибизге кошумча жумуш орун түзүүгө 2 миӊ долларга колдоо таптык. Мурда өзүбүздө 7 кийим тигүүчү машина бар болсо, Кумтөр дагы 7 машина сатып берди. Азыркы бардыгы 14 жумушчу иштейт. Жумасына бычылган кездемеден 700-800 куртка тигебиз. Ал Бишкекке кетип, андан Россияга экспорттолот. Орточо айлык 10 күндө 6-7 миӊ сом чыгат. Тапкан маянабыз өзүбүздүн жашоо турмушубузга кеӊири жетет, жана жергиликтүү бюджетке да салым кошот»,- деди ал.
Ушул эле райондун Кажы-Сай айылынын тургуну 30 жаштагы Тилек Кубанычбек уулу заманбап үлгүдөгү жабдыктар менен «Чач тарач» ишканасын иштетүүдө. Бул кесипти 2010-жылы өздөштүрүп, 3 жыл Орусиягада иштеп келген. Айыл жергесинде чач жасалгалоочу мекеме жоктугунан бул идеяны 2 миӊ доллар сарптап 1,5 жыл мурун ишке ашырган. Эч кандай шарты жок өз алдынча иштеп келсе, өткөн жылы жаштардын демилгесин колдогон долбоорго катышып, Кумтөрдөн 114 миӊ, 654 сомго жабдууларын жаӊыртканын айтат.
«Чач-тарачты ачканда алгач, темир контейнер жайкысын ысык тартып ыӊгайсыз болчу. Ушундай шарт болсо да кардарлар көп келишти. Ал ортодо “Ысык-Көл жаштарынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү” долбоорунан кабар алып, идеямды топтоп сунуштадым. Талапка жараша каржыланган жабдуулар айылга пайда алып келүүсү зарыл экен. Биздин айылда компьютердик клуб, бильярд ойноочу жай ачууга да долбоор атаандаш болду. Бирок «Кумтөр Голд Компанинин» менен «FSDS» комиссиялык өкүлдөр менин идеяды жактырып,118 миӊ сомго керектүү буюмдарды алып берди. Кошумча бир жумуш орун түзүлдү, айыл тургундарын 50-150 сомго чейин тейлөө көрсөтөбүз»,- деди ал.
Ошондой эле Жети-Ѳгүз районуна караштуу Саруу айылынын 31 тургуну Канат Иманалиев да ишин илгерилетти. Жаш ишкер буга чейин 2 штаттык бирдикте өзүнүн унаа оӊдоочу жайын иштетип келсе, эми 6 жумушчу орун түзүлүп, алтынкен 124 миӊ сомго жабдуулар толуктап берди.
«Биз буга чейин айыл элин жана коӊшу кыштактагы айдуучуладын көйгөйүн үстүртөн чечип келчүбүз. Анткени май алмаштыруу, унааны көтөрө турган тетиктер жок эле. Азыр унааларды чуӊкурга кирбей эле оӊдой алабыз, кезек күткөндөрдүн саны да азайды. Андан сырктары түзүлгөн жаӊы жумушчулар сапаттуу кызмат көрсөтүп, үй бүлөсүнө киреше табышат. Баалары шаардыкындай кымбат эмес. Ар бир карар чөнтөгүндөгү акчасы менен убактты да үнөмдөй алышат. Ошондуктан биздин идеябызды колдоп берген уюштуруучуларга, демөөрчүлөргө чоӊ ыразычылык билдиремин», – деди Иманалиев.
Облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө пайда алып келе турган дагы бир ишкана 25 жаштагы Бактияр Бейшеевке таандык. Ал Кызыл-Суу айылына 2 жылда өзүнүн бизнесин түптөп, өзү тендүү балдарды жумуш орду менен камсыз кылууда.
«Мен бир кыздын атасымын. Үй-бүлө багуу үчүн Бишккете пластик чыгаруу боюнча ишкерчилигимди баштагам. Ата-эне бакчу бала болгондуктан айылга келдим. Үйдө жумушсуз отуруп калып, мамлекеттик жумушка барсамбы деп ойлондум. Бирок ал жакта 5 мин сом алып иштеп тажрыйба топтогон соӊ, 10 мин алат экем. Ал акча үй-бүлөмдү багууга жетпейт. Ойлонуп отуруп 2016-жылы агам менен кенешип экөөбүз пластик эшик, терезе чыгаруучу цех ачтык. Ишти баштоо бир катар кыйынчылыктар менен коштолду. Пластикти ийчү жана кесүүчү станок жок болгондуктан башка сехтерге барып кесип келчүбүз. Убакыт кетет жана кардарлар айткан күндөн кечикчүбүз. Ошентип жаштар арасында долбоор жазып 5 миӊ долларга керектүү шаймандарды алдык. Кумтөргө тереӊ ыразычылык билдирем. Азыр иш женилдеп, буюуртма көп түшүп баштады», – дейт Бактияр Бейшеев.
Ал эми тамак-аш өнөр жайынан чыккан калдыктарды малга тоют катары жем даярдаган 26 жаштагы Дениз Гайфулин Каракол шаарынын чекесинде үй шартында цех ачканына 1 жылдын жүзү болду. Атасы 2008-жылдан бери дан өсүмдүктөдөн май чыгарып келсе, анын калдыктары короодогу малдарына жем катары берилчү. Өткөн 2018-жылы 30 адам катышкан бизнес долбоорго тапшырык жазып, 8 адамдын катарында 5 миӊ доллардык жабдуу утуп алган. Ушул тапта 5 жумушчу орун түзүп, саан уйга, койго, жылкыга жана балыктарга жем чыгарууда.
«Азыркы тапта дан өсүмдүктөрдүн майын өзүнчө бөлүп алып, иштетилген калдыкты жөн гана төгүп салбастан 10го жакын кошулманы аралаштырып малга тоют чыгаруудабыз. Мурдагы жем чыгарган жабдуубуз өтө эски болгондуктан биз аны сатыкка чыгара алчу эмеспиз. Азыр болсо Россиядан алынып келинген жаӊы жабдуу жакшы иштеп жатат. Алды Чүй, Нарын, Ысык-Көлдүн айланасынан буйрутма келүүдө. Мага окшогон жаштарды жана элди да кубандырып жаткан «Кумтөр Голд Компани» гранд бергенине тереӊ ыразыбыз»,- деп Гайфулин жыйынтыктады.
Белгилей кетсек, жаштардын идеясын колдогон долбоор 2015-жылдан 2018-жылга чейин эки фазада уюшулуп, тандалган бизнес ээлерине “Кумтөр Голд Компани” жана «FSDS» (Туруктуу өнүктүрүү үчүн чечимдер) биргелешкен долбоору керектүү жабдууларды алып берген.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: