«Centerra Gold» компаниясыны менен кыргыз өкмөтүнүн орстосундагы чырлар токтотулду. Бул тууралуу компания билдирүүсүн таратты.

Кол коюлган стратегиялык келишимге ылайык, «Centerra Gold» компаниясы кыргыз тарапка экологиялык жана социалдык фонддорго ар кандай төлөмдөрдү төлөп берет. Маалыматта стратегиялык келишим кыргыз өкмөтү менен мындан аркы кызматташтыкты күчөтүп, киреше табуу менен экологияны коргоодо натыйжалуу болору айтылат.

Өтүп кеткен жылдарда өкмөт Кумтөрдөгү экологиялык зыян үчүн ишкананы 2013-жылдан бери сотко берген. 

Стратегиялык келишимге 2017-жылы Сапар Исаков премьер-министр болуп турган учурда кол коюлган. Бирок Сапар Исаковдон кийин кызматка келген Мухаммедкалый Абылгазиев «бул келишим өлкө кызыкчылыгына жооп бербейт» деп жаңы сүйлөшүүлөрдү баштаган болчу.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.