2023-жылдын 24-мартында Юстиция министрлигинде Кыргыз Республикасынын соттук-эксперттик ишин өркүндөтүү боюнча эксперттик жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.
Юстиция министрлиги тарабынан соттук-эксперттик ишти өнүктүрүү жана өркүндөтүү концепциясынын долбоору сунушталды.
Ошондой эле жыйындын катышуучулары Кыргызстандагы соттук-эксперттик ишмердүүлүктүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга байланышкан негизги маселелерди талкуулашты. Эксперттердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга, техникалык базаны өркүндөтүүгө жана ар кандай органдардын ортосундагы координацияны жакшыртууга байланышкан маселелер каралды.
Жыйындын жыйынтыгында эксперттик жумушчу топтун ишинде эске алынуучу жогоруда белгиленген багыттар боюнча сунуштар берилди.
Юстмин жыйындын бардык катышуучуларына бул маанилүү ишке кошкон баалуу салымы үчүн ыраазычылык билдирет жана бул жаатта мындан ары кызматташууна улантыла тургандыгына ишенебиз.

Источник – Министерство юстиции Кыргызской Республики

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.