2023-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 19-январында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2023-жылдын 9-мартында кол коюлган «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирди.
Бул Мыйзам калкка көрсөтүлүүчү нотариалдык кызматтардын сапатын жогорулатууга жана аларды алуунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, калктын нотариуска болгон ишенимин бекемдөөгө жана анын кадыр-баркын көтөрүүгө багытталган.
Мыйзамдын негизги жаңылыктары болуп КРнын Нотариалдык палатасын жеке нотариустардын өз алдынча башкаруучу кесипкөй коомчулугу катары түзүү, мамлекеттик жана жеке нотариустардын укуктарын теңдештирүү, мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу жана аны алып салуу нотариалдык аракеттерди жокко чыгаруу, ошондой эле нотариустардын статусун жогорулатуу ж/б.
Юстиция министрилиги алты айдын ичинде мыйзам алдындагы актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча иштерди баштады.
Source – EAPO
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: