Бүгүн, 15-июнь күнү, Ош шаарында Орозо айт намазы Сулайман-Тоо жана шаарда жайгашкан баардык мечиттерде окулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматы билдирди.
Сулайман-Тоо мечитинде болгон намазга Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, ИИМдин 1- орун басары С.Өмүрзаков, ЖК депутаты Ж.Акаев,Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Т.Сарыбашов жана 10 миңге чукул шаар тургундары катышты.
Намаз убактысына чейин Ыйык Куран аяттары окулуп, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев куттуктоо сөзүн айтып, Айт намазынын маанисин түшүндүрүп, жалпы элге ыймандуулук, сабырдуулук жана ата-энени урматтоо тууралуу баян жасады.
Ал эми калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев улуу Рамазан айында туткан орозону , кылган амалдарды Жараткан өзү кабыл кылсын деген тилектерин билдирди.
“Урматтуу момун мусулмандар, Сиздер аркылуу шаарыбыздын тургундарына, үй-бүлөңүздөргө Орозо айтыңар маарек болсун деген каалоомду билдирип кетүүгө уруксат этиңиздер. Орозо айт Ыйык Рамазан айынын эң кымбат, эң улуу күндөрүнүн бири экендигин баарыбыз билебиз. Бул күнү момун мусулман баласы Жаратканга ниетин буруп, алакан жайып, жакшылык тилейт. Улуу Орозо айт намазына келген ар бир инсан элибизде ынтымак, жергебизде тынчтык, береке-молчулук болсо экен, деген тилегин билдирет. Биз да бүгүн ушул салттан жазбай элибизге, шаарыбызга, өлкөбүзгө тынчтык каалайлы. Ар убак бейпилчилик өкүм сүрүп, көздөгөн максатыбыз орундалсын, үй-бүлөбүз, тууган уругубуз менен аман бололу, конушубузга кут консун, деген тилегибизди билдирели.Ой-мүдөөбүз, тилек-ниетибиз орундалып, ой-максатыбызга жетели, урматтуу агаин-туугандар. Ыйык Рамазан айында мусулманчылыктын парзы болгон орозо тутуп, беш маал намазын үзбөй окуп, Орозо айт намазына турган адамдын максаты орундалат, тилегине жетет, деп айтылат. Анын сыңарындай бүгүн тилегибизди, ниетибизди билдире турган улуу күндө баарына шүгүрчүлүк кылып, жакшылыктан үмүтүбүздү үзбөйлү. Айтыңыздар маарек болсун!” – деди А. Кадырбаев.
Эскерте кетсек, быйылкы Орозо айы 29 күн менен аяктап, 30- күн Айт майрамы катары Кыргызстандын бардык аймагында белгиленүүдө.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.






Spelling error report
The following text will be sent to our editors: