Коррупция фактысы боюнча мурунку премьер-министр Жанторо Сатыбалдиев кармалды. Бул тууралуу МУККтын басма сөз кызматы билдирди.
“2018-жылдын 18-июнунда Бишкек шаарындагы ЖЭБ модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6-бөлүгүндө жана 303-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышка шектүү катары мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалды”, – деди МУККтын басма сөз кызматы.
Учурда Жантөрө Сатыбалдиев КР МУКК Убактылуу кармоочу жайынын Тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: