Бүгүн, 2018-жылдын 19-июнунда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалгандыгына байланыштуу, Жогорку Кеңештин депутаты Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү билдирди.
Бош калган мандат “Республика – Ата Журт” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмеси боюнча кезекте турган Жоробеков Тариел Улукбековичке өткөрүлүп берилди. Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси берилди.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: