Иш-чара дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн судьяларын, конституциялык контролдоо органдарынын жана шайкеш институттарынын өкүлдөрүн чогултту.

Бул иш-чара Конституциялык сот адилеттиги жаатында тажрыйба жана идея алмашуу, ошондой эле укуктук жана демократиялык мамлекетти калыптандырууда конституциялык сот адилеттигинин ролун талкуулоо үчүн аянтча болду.

Конференцияга Армения, Грузия, Казакстан, Таиланд Королдугу, Азербайжан, Өзбекстан, Бельгия, Түштүк Корея, Португалия, Индонезия, Молдова, Румыния, Болгария, Түркия, Босния жана Герцеговина сыяктуу өлкөлөрдүн конституциялык сотторунун өкүлдөрү, ошондой эле Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын өкүлдөрү катышты.

Юстиция министрлигинен Мыйзам чыгаруу жана мыйзамдуулук институтунун директору Джаркынбаев Аязбек Дөөлөсбекович катышты.

Конференцияда талкууланган негизги темалардын бири конституциялык мурас жана укуктук жана демократиялык мамлекетти калыптандырууда конституциялык сот адилеттигинин ролу болду. Конференциянын катышуучулары конституциялык реформалардын себептерин жана аларды жүзөгө ашырууда конституциялык контролдоо органдарынын ролун талкуулашты. Алар ошондой эле укуктук жана демократиялык мамлекетти түзүүдө прогрессивдүү кыймылды сактап калуу үчүн өз тажрыйбалары менен алмашты.

 
Источник – Минюст Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.