Айбек Кадыралиев КР Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Кыдыралиев 1978-жылы Фрунзе шаарында туулган. Өз ишмердүүлүгүн жеке микрокредиттик ишканадан баштаган. 2008-жылы Улуттук банктын адиси болгон. Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы болуп 2016-жылдын июль айында дайындалган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.