Кыргыз Республикасынын юстиция министри Аяз Баетов менен Россия Федерациясынын юстиция министри Константин Чуйченко төмөнкү документтерге кол коюшту:
КР Юстмини менен РФ Юстмининин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу – документте алдыңкы тажрыйба жана заманбап укуктук практика, санариптештирүү жана жасалма интеллектти юстиция чөйрөсүнө киргизүү жөнүндө маалымат алмашуу каралган.
2024-2025-жылдарга министрликтердин ортосундагы Кызматташуу программасы – мыйзамдарды системалаштыруу, адвокатура, соттук-эксперттик иш жана акысыз юридикалык жардам чөйрөлөрүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча иш-чараларды камтыйт.
Кол коюлган документтер юстиция чөйрөсүндөгү кыргыз-россия кызматташтыгынын эл аралык-укуктук базасын чыңдоого мүмкүндүк берет.



Источник – Министерство юстиции Кыргызской Республики
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: