Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Мамлекеттик органдар тарабынан адамдарга кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу билдирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты мамлекеттик органдардын жарандар жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү, билдирүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү болуп саналат.
Мыйзам менен төмөнкүдөй өзгөртүүлөр каралууда:
Кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын
Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү каралат:
1) сот өндүрүшүнүн катышуучуларына жана башка кызыкдар жактарга артыкчылыктуу түрдө билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервисин пайдалануу аркылуу кабарлоону киргизүү;
2) билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоо жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда СМС-билдирүү, электрондук почта, телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары, ошондой эле тапшырык каты аркылуу кабарлоону белгилөө;
3) сот өндүрүшүнүн катышуучуларына телефонограмма, телеграмма аркылуу, факсимилдик байланыш боюнча кабарлоону алып салуу;
4) билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартибин, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарлоолорду (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныктоо.
Маалымат булагы president.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: