24-сентябрда МинКаб Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков «Кыргыз Асман» ачык акционердик коомунда иштелип чыккан алгачкы кыргыз спутниги менен тааныштырды. Спутникти иштеп чыгуу жана чогултуу иштери Кыргызстанда алгачкы жолу жүргүзүлүп, долбоорго 2,5 жылдай убакыт кеткен. Учурда космоско учурууга даярдык көрүлүүдө. Спутник октябрь айынын биринчи жумасында АКШнын Калифорния штатынан учурулат.

Спутник негизинен айыл чарба тармагында колдонулат. Андан алынган маалыматтар эгин талааларынын абалын көзөмөлдөөгө, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин баалоого,  айыл чарба жерлерин жана жайыттарды талдоого, кургакчылыктын белгилерин эрте аныктоого жана түшүмдүүлүккө алдын ала баа берүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле спутниктик мониторинг мөңгүлөрдүн, суу ресурстарынын жана экологиялык абалдын өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүүгө шарт түзөт.

«Спутниктен алынган сүрөттөр аркылуу айыл чарба тармагында алдын ала божомолдоо мүмкүнчүлүктөрү кеңейет. Ошондой эле экологияга, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин баалоого, мөңгүлөргө жана суу ресурстарына талдоо жүргүзүүгө шарт түзүлөт. Бирок спутник биринчи кезекте айыл чарбасын өнүктүрүү багытында колдонулат», – деди министр Эрлист Акунбеков.

Учурда «Кыргыз Асман» ААКда спутниктин негизги бөлүктөрүн чогултуу, электрондук жабдууларды орнотуу жана системаларын текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Учурууга чейинки акыркы даярдыктар аяктагандан кийин спутник космоско жөнөтүлөт.

Белгилей кетсек «Кыргыз Асман» ААКнын жалгыз акционери — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети. Ал эми жалгыз акционердин укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жүзөгө ашырат.

Маалымат булагы egov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.