Бишкектеги 3,5 гектар жерди мыйзамсыз берген үчүн ордо калаанын биринчи вице-мэри Ренат Макенов тергөө бүткүчө камакка алынды. Бул тууралу УКМКнин басма сөз кызматы билдирет.

Вице-мэр Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында 6-июлда УКМКга суракка чакырылган. 7-июлда Макенов камакка алынган.

Эскерстек, Бишкек шаардык прокуратурасы 3,5 гектар жердин менчикке берилиши боюнча 2018-жылдын 5-июнунда Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен 303-беренеси (“коррупция”) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.