Туркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга расмий түрдө келет. Маалыматты Элет.media редакциясына тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге таянып өзүнүн булактары ырастады.
Ведомствонун алдын ала маалыматы боюнча, Эрдоган сентябрда келет. Эки президенттин жолугушуусу маанилүү документтерге кол коюу алкагында өтөт.
Эскертсек, 2018-жылдын 24-июнунда Туркияда президенттик шайлоо өткөн. Реджеп Эрдоган 52,59% добуштарды алып шайлоону утуп кеткен.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: