«Инфоком» мамлекеттик ишканасынын мобилдүү топ борбору иштеп баштагандан бери Бишкек шаары боюнча 2 миң 298 чыгуу ишке ашырышкан. Мобилдүү топтун ишинин натыйжасында  социалдык жактан аярлуу 2 миң186  жаран өз үйлөрүнөн чыкпастан бекер паспорт алышты. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Мобилдүү топ борбору 2016-жылдан баштап Бишкек шаары боюнча кызмат көрсөтүп баштаган. Ал паспорт алуу (алмаштыруу) үчүн жарандардан жашаган жерине барып арыздарды кабыл алат.  Мобилдүү топ кызматына Бишкек шаарынын аймагында жашаган кыргызстандыктар кайрыла алышат.

Кызмат алуунун негизги шарты «Дарек маалымат бюросу» автоматташтырылган маалымат системасында жарандын катталган жери боюнча маалыматтын бар экендиги болуп саналат. Мындан тышкары мобилдүү топ борбору документтештирүү үчүн юридикалык жактарга жана саны 10дон ашык топторго  корпаративдик чыгууларды ишке ашарышат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.