КР Башкы прокуратурасынын 2018-жылдын 27-июлунда өткөрүлгөн коллегиянын чечими менен 4 прокурор кызматынан кетет. Бул тууралуу көзөмөл органдын басма сөз кызматы билдирди.

Тактаганда, кызматтан төмөнкү прокурорлор алынды:

  • Бишкек шаарынын прокурорунун орун басарлары — Рысбек Альчиев жана Асан Кангельдиев;
  • Ош шаарынын прокурору Айгуль Момбекова;
  • Чүй облусунун прокурорунун орун басары  Гульнара Шакирова.

Мындан сырткары, Башкы прокурор Откурбек Жамшитовдун 2018-жылдын 6-августундагы буйругу менен 11 кызматкерге карата эскертүү, 8 кызматкерге сөгүш, 9 кызматкерге катуу сөгүш, 9 кызматкер ээлеген кызматына толук ылайык келбестиги жөнүндө эскертүү, 12 кызматкер кызмат ордунан төмөндөтүү жөнүндө тартиптик жазалары жарыяланды.прөо

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.