КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 14-августта, Бишкек шаарынын мэриясынын жамаатына калаанын жаңы шайланган мэри Азиз Суракматовду тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

«Бишкектин жашоочулары жакынкы келечекте борбордо шаардыктар жана калаа меймандарына сезилерлик оң өзгөрүүлөр башталашын күтүшүүдө. Бүгүн биз Бишкек шаарынын жаңы башчысынан инфраструктуралык жаңылыктарды, анын ичинде архитектуралык кайта түзүүлөрдү күтүүдөбүз. Борборубузга Фрунзе шаарынын учурундагыдай, жашыл жана каралган шаар имиджин кайтарууга тийишпиз.  Ошону менен бирге шаар башчынын ар бир кадамы, ар бир чечими шаардыктардын көзөмөлүндө болушу маанилүү», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы жаңы мэрге ийгиликтерди каалап, Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча иштерди күчтөндүрүү зарылдыгын белгиледи.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 8-августунда Бишкек шаардык кеңеши калаа мэри катары Азиз Суракматовду шайлашкан. 2018-жылдын 13-августунда шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Бишкек шаарынын мэрин шайлоонун нтаыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорду бекитти.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.