КР президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык Досалы Эсеналиев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, мамлекет башчысынын аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Жээнбековдун башка жарлыгына ылайык Алмаз Кененбаев Досалы Эсеналиевдин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Буга чейиг Эсеналиев мамлекет башчысынын аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болчу. Алмаз Кененбаев Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын кызматында иштеген.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: