🔷Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын Озгур айылында жайгашкан «Кунь-Лунь» ЖЧКсына карата текшерүү жүргүзүлдү.

🔷Озгур айылынын айыл башчысынын арызынын негизиндеги текшерүүдө «Кунь-Лунь» ЖЧКсы өзүнө бөлүнүп берилген (бекитилген) жер тилкесинен сырткары кошумча жер аянтын мыйзамсыз пайдаланып жаткандыгы аныкталды.

🔷Аталган мыйзам бузуу боюнча текшерүү актысы, жазма буйрук жана укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү. Натыйжада, КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 149-беренесине ылайык ишканага 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Маалымат булагы egov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.