Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин адистери тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Төрөгелди» беде үрөн өндүрүүчү үрөн чарбасынын базасында облустагы үрөн чарбаларынын өкүлдөрүнүн жана дыйкан-фермерлердин катышуусунда беде үрөнүн өндүрүү жана сорттук өзгөчөлүктөр боюнча окуу семинар өткөрүлдү.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар беденин «Сарга», «Бектур» жана «Узгенский синий» сортторунун агробиологиялык өзгөчөлүктөрү, үрөн өстүрүүнүн заманбап агротехнологиялары, сорттук тазалыгын сактоо жана сапаттуу үрөн өндүрүүнүн талаптары менен таанышышты.
Иш-чаранын негизги максаты – үрөн чарбаларынын адистеринин кесиптик билимин жогорулатуу, жогорку репродукциядагы сапаттуу беде үрөнүн өндүрүүнү кеңейтүү жана мал чарбачылыгы үчүн тоют базасын чыңдоого багытталган алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу болду.
Мындай практикалык семинарлар аймактардагы үрөнчүлүк тармагын өнүктүрүүгө, ата мекендик сортторду кеңири жайылтууга жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн сапаттуу үрөн менен камсыздоого өбөлгө түзөт.

Маалымат булагы  egov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.