4-сентябрда МинКаб Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунан келген фермер Замир Алиевге 3 % жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы 40 баш асыл тукум уйдун күбөлүгүн тапшырды. Иш-чара «Кыргыз Агрохолдинг» ААКнын «Элита» филиалынын базасында өттү. Жалпысынан Кыргызстанга долбоордун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алынып келинди.

Долбоордун негизги максаты – фермерлерди сапаттуу асыл тукум мал менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу жана мал чарбасынын генетикалык потенциалын жогорулатуу. Бул үчүн асыл тукум малды түздөн-түз алып келүү механизми иштелип чыгып, ортомчулардын жана алып-сатарлардын кошумча баа үстөктөрүн жоюуга шарт түзүлдү.

Натыйжада фермерлер асыл тукум малды жеңилдетилген насыянын негизинде, өздүк наркка жакын баада түздөн-түз сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушууда. Бул максатта быйыл аталган долбоорго 1 млрд 200 млн сом каралган.

Жалпысынан өлкөгө 20 миң башка чейин асыл тукум мал алып келүү пландалууда. Мындан ары эт багытындагы гана эмес, сүт багытындагы башка асыл тукум породаларды да алып келүү каралып, фермерлерди сапаттуу мал менен камсыз кылуу иштери улантылат.

Маалымат булагы  egov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.