Фермерлер Абердин-ангус породасындагы асыл тукум малды жылдык 3 пайыздык жеңилдетилген насыя аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Насыя алуу үчүн «АБанк» же «Элдик Банкка» кайрылууга болот. Насыя 5 жылга чейин, жеңилдетилген мезгили 12 айга чейин берилет. 500 миң сомго чейин күрөөсүз, ал эми 500 миң сомдон 20 млн сомго чейин күрөө менен насыя алуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Малды сатып алууда асыл тукум күбөлүгү, ветеринардык маалымкат, идентификациялык жана келип чыгышын тастыктаган тиешелүү документтер талап кылынат.

Ошондой эле фермерлердин асыл тукум чарба статусуна ээ болушу милдеттүү эмес. Негизги талаптардын бири — малды багуу жана тоюттандыруу үчүн тиешелүү шарттардын, карантиндик зонанын жана ветеринардык тейлөөнүн болушу.

Банк тарабынан насыя жактырылгандан кийин фермерлер «Кыргыз Агрохолдинг» менен келишим түзүп, Абердин-ангус породасындагы асыл тукум малды сатып ала алышат.

Бардык башка суроолор боюнча 1210 кыска номерине байланышып, толук маалымат алсаңыздар болот.

Маалымат булагы  egov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.