Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты абатташтыруу эрежелерин, таштандыларды жөнгө салуу жана суу чарба курулмаларынын сакталышын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтин натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда:

1) калктуу конуштагы аймакты абатташтыруу эрежелерин бузгандыгы үчүн жаза чаралары колдонулгандан кийин ошол эле жосун бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, 20 саатка коомдук жумуштарга тартуу түрүндө жоопкерчиликти киргизүү (114-берененин 2-бөлүгү);

2) белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, үйүп салуу, өрттөө үчүн жаза чаралары колдонулгандан кийин ошол эле жосундар бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, 20дан 30 саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартуу түрүндө жоопкерчиликти бекитүү (115-берененин 4-бөлүгү);

3) сотторго 114-берененин 2-бөлүгүндө, 115-берененин 4-бөлүгүндө каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо жана жаза чараларды көрүү боюнча ыйгарым укуктарды аныктоо (454-берененин 1-бөлүгүнүн 6-пункту);

4) пробация органдарына коомдук жумуштардын аткарылышын контролдоо үчүн электрондук-техникалык контролдоо каражаттарын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды берүү (561-берененин 5-бөлүгүнүн 5-пункту).

Маалымат булагы president.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.