Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-августта Бишкек шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн курулган жаңы турак үйдүн ачылыш аземине катышып, батирлеринин ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма соз кызматы билдирет.
Президент Улуттук коопсуздук кызматына дайыма эң жогорку талаптар коюлуп келгенин белгиледи.
Сооронбай Жээнбеков Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине социалдык жактан колдоо көрсөтүү уланып жатканын белгиледи. Быйыл жалпысынан 216 батирлүү 4 үй курулуп бүттү. Жылдын аягына чейин 1245 батирлүү 21 үйдүн курулушун аяктоо пландаштырылууда. Ал үйлөр Бишкек шаарында, Баткен, Талас, Жалал-Абад жана башка облустарда курулуп жатат. Бүгүн 81 үй-бүлө квартиралуу болууда. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине көрсөтүлгөн колдоо, социалдык кепилдикке алуунун деңгээли дагы да жогорулайт.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.






Spelling error report
The following text will be sent to our editors: