Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөбүздүн агроөнөр жай комплексинин кызматкерлерин, дыйкандарды жана фермерлерди кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Айыл чарба — өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун, экономикалык туруктуулугунун жана элдин бакубат жашоосунун маанилүү тиреги. Тармакты өнүктүрүүгө, ата мекендик өндүрүштү чыңдоого, мол түшүм алууга жана айыл чарба продукциясынын сапатын жогорулатууга кошкон ар бириңиздердин салымыңыздар баа жеткис.

Майрам күнү жалпы агрардык тармактын өкүлдөрүнө чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, ишине ийгилик, мол түшүм жана берекелүү жыл каалайбыз! Өлкөбүздүн айыл чарбасы өнүгүп, дыйкандардын эмгеги акталып, элибиздин ырыскысы арта берсин!

Эмгегиң кетсе жерге, берекесин берет элге!

Майрамыңыздар кут болсун! 🌾💚

Маалымат булагы egov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.