Казакстан Республикасынын Шымкент шаарында аквакультурада судак балыгы  боюнча аймактык семинар болуп өттү.

Иш-чара Борбордук Азия жана Кавказ аймагындагы балык уулоо жана аквакультура боюнча аймактык комиссиянын (CACFish) 2025–2027-жылдарга карата иш программасынын алкагында өткөрүлдү.

Семинар Казахстан, Россия Федерациясы, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Түркия, Украина, Чехия, Венгрия жана Грузиядан келген балык чарбасы тармагындагы эл аралык эксперттерди бириктирди.

Семинардын жүрүшүндө эксперттер судак балыгын көбөйтүү, энелик үйүрдү түзүү жана башкаруу, балыктын уругун инкубациялоо, чабактарды өстүрүү жана тоюттандыруу, балыктардын ден соолугун сактоо жана биокоопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле сууну жабык циклде айлантуу системаларын колдонуу маселелерин талкуулашты. Практикалык тажрыйба алмашууга жана аквакультура тармагына заманбап технологияларды киргизүүнүн келечегине өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин адистери, ошондой эле «Амур Кара-Балта» балык өстүрүү кооперативинин өкүлдөрү катышты.

Департаменттин өкүлдөрүнүн жана балык өстүрүү кооперативинин семинарга катышуусу кесиптик билимдерди кеңейтүүгө, эл аралык эксперттер менен тажрыйба алмашууга жана судак балыгын көбөйтүүнүн, ошондой эле товардык максатта өстүрүүнүн заманбап технологиялары менен таанышууга өбөлгө түздү.

Маалымат булагы egov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.