Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры Казакстан Республикасынын Атырау шаарында өткөн көрүнүктүү драматург Рахимжан Оторбаевдин 70 жылдыгына арналган III эл аралык театр фестивалында ийгиликке жетишти.

Театр фестивалга «Кумар азап» спектакли менен катышып, баш байгеден кийинки Рахимжан Оторбаев атындагы атайын сыйлыкка татыктуу болду.

Спектаклдин режиссёру — Давлетбек Нургазиев.

Бул сыйлык чыгармачыл жамааттын талыкпаган эмгегине, кесипкөйлүгүнө жана сахна искусствосуна болгон берилгендигине берилген баа болуп саналат.

Кыргыз театрын жана Ысык-Көл театрынын чыгармачыл жамаатын эл аралык фестивалдагы ийгилиги менен куттуктайбыз! Кыргыз театр искусствосунун аброю артып, чыгармачылык жетишкендиктери улана беришине тилектешпиз.

Маалымат булагы egov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.