2026-жылдын 18-октябрында Кыргыз улуттук «Манас» театрында дастанчы, обончу, ырчы, режиссёр, «Баягылар» тобунун солисти Аман Мамбетакуновдун 50 жаш мааракесине арналган «Аманмын, шүгүр» аттуу чыгармачылык кечеси болуп өттү.
Мааракелик кечеде көрүүчүлөргө күлкүгө бай тамашалар жана шаңдуу концерттик программа тартууланды. Иш-чарага «Баягылар» тобунун мүчөлөрү жана Кыргыз улуттук «Манас» театрынын өнөрпоздору катышып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
Чыгармачылык кече Аман Мамбетакуновдун көп кырдуу өнөрүн, чыгармачылык жолун даңазалоого, улуттук маданиятка кошкон салымын белгилөөгө жана анын өнөрүнө болгон урмат-сыйды көрсөтүүгө багытталды.
Маалымат булагы egov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: