Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы жарандар жана бизнес өкүлдөрү үчүн шаар куруу кызматтарын алууну жеткиликтүү кылуу менен санариптик сервистерди өнүктүрүүдө.
2026-жылдын башынан 30-сентябрга чейин ББА АМТнын жеке кабинети аркылуу 5 000ден ашык арыз келип түшкөн. Кайрылуулардын эң көп саны сентябрда катталган — 1 403 арыз, августта — 1 179, июлда — 944.
Эң көп талап кылынган багыттар болуп, архитектуралык-пландоо тапшырмаларын даярдоо (АПТ) (2 049 өтүнмө – 40,8%) жана инженердик-техникалык шарттарды (ИТШ) (1 351 өтүнмө – 26,9%) иштеп чыгуу эсептелди.
Документтердин электрондук форматы арызды жана документтерди онлайн тапшырууга, арыздарды кароонун статусун көзөмөлдөөгө жана башкармалыкка дайыма эле келбей кызмат көрсөтүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө маалымат алууга мүмкүндүк берет.
Санариптештирүү иш процесстеринин ачыктыгын жогорулатууга өбөлгө түзөт жана арыз берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн бирдиктүү тартибин камсыз кылат. Белгиленген жол-жоболор жана бардыгы үчүн бирдей талаптар субъективдүү кийлигишүү тобокелдиктерин азайтууга жана кошумча ортомчуларга болгон муктаждыкты азайтууга жардам берет. Ошентип, санариптик сервистер коррупциянын алдын алуунун жана ага каршы аракеттенүүнүн практикалык куралы болуп саналат.
Шаар куруу кызматтарын алуу жеткиликтүү, ал эми мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүү түшүнүктүү жана ачык-айкын болушу үчүн, электрондук сервистерди өркүндөтүүнү улантабыз.
Өтүнмөнү ББА АТМдин Жеке кабинети аркылуу берүүгө болот: https://cabinet.bga.gov.kg
Маалымат булагы egov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: