2026-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында Баткен окуясынын 26 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Коргоо министрлигинин Аскерлердин күнүмдүк ишмердүүлүгү башкы башкармалыгынын Тарбия иштери башкармалыгынын башчысы полковник Марат Мурзаканов, Бишкек гарнизонунун аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчылары, Баткен жоокерлеринин республикалык кеңешинин жана республикалык комитетинин өкүлдөрү, ошондой эле Баткен окуясында курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрү жана жакындары катышты.
Эскерүү иш-чарасынын жүрүшүндө Баткен окуясында Мекенин коргоодо курман болгон жоокерлердин эрдиги эскерилип, эстеликке гүлчамбарлар жана гүлдөр коюлду.
Ошондой эле 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларында өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоого кошкон салымы үчүн бир катар катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин атынан ардак грамоталар тапшырылды.
Маалымат булагы egov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: