Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2026-жылдын 13-октябрында 2026-жылдын 1-декабрынан тартып аскер кызматчыларынын жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин акчалай камсыздоосун, ошондой эле пенсионерлердин тиешелүү категорияларынын пенсиялык камсыздоосун жогорулатууну караган Жарлыкка кол койду.

Жарлыктын күчү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын аскер кызматчыларына, кызматкерлерине жана пенсионерлерине жайылтылат.

Муну менен катар Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен Куралдуу Күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын пенсионерлерин социалдык жактан колдоону күчөтүү боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

Тактап айтканда, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү кеңештери жалпы белгиленген пенсия курагына (эркектер үчүн 63 жаш, аялдар үчүн 58 жаш) жеткен жогоруда көрсөтүлгөн категориядагы пенсионерлерге муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жүрүү укугун берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышты.

Ош шаарында бул жеңилдик 2026-жылдын 1-октябрынан тартып колдонулууда, ал эми Бишкек шаарында 2027-жылдын 1-январынан тартып колдонула баштайт.

Аталган чараларды ишке ашыруу аскер кызматчыларынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана күч түзүмдөрүнүн пенсионерлеринин социалдык жактан корголуу деңгээлин жогорулатууга, материалдык абалын жакшыртууга, ошондой эле аскердик жана укук коргоо кызматын өтөп жаткан жана өтөгөн адамдарды социалдык жактан колдоо боюнча мамлекеттик кепилдиктерди бекемдөөгө багытталган.

Маалымат булагы president.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.