Бүгүнкү күндө, Нарын облусунун Кочкор айылында курулган И. Арабаев атындагы жаңы мектепте эки нөөмөт менен 1000дей окуучу билим алууда.
Мектептин курулушу 2023-жылдын октябрь айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.
Үч кабаттуу имараттын жалпы аянты 4136 чарчы метрди түзөт. Билим берүү мекемесинде окуу класстарынан тышкары лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, эмгек кабинети, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы жана спорт залы бар.
Ошондой эле мектептин аймагында футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары, машыгуу үчүн атайын жайлар каралган.
Белгилей кетсек, 11-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин онлайн катышуусунда жаңы мектептин ачылышы болгон.
Маалымат булагы egov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: