Калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, акысыз юридикалык жардам көрсөтүү максатында ушул жылдын 13-мартынан тартып 25-мартына чейин Ош, Нарын жана Чүй облустарынын алыскы айылдарында «Тилектештик автобусу» акциясы өткөрүлдү.
Бул акциянын жүрүшүндө Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын координаторлору, адвокаттары, мамлекеттик нотариустар жана башка мамлекеттик органдардын кызматчылары аталган пилоттук облустарда калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүштү.
Натыйжада 1199 адам акысыз юридикалык жардам алды.
Алардын ичинен:
- Ош облусу-419
- Нарын облусу-411
- Чүй облусу-369
Анын ичинде:
Социалдык статусу боюнча:
- Аз камсыз болгон жарандар – 358
- Пенсия жашындагы жарандар – 208
- Иш менен камсыз болгон жарандар – 185
- Жумушсуз жарандар – 401
- Жашы жете элек балдар – 4
- Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар – 43
Жарандык статусу боюнча:
- КРнын жарандары – 1175
- Чет өлкөлүк жарандар-19
- Жарандыгы жок адамдар-1
- Качкындар-4
Ошондой эле, зомбулукка кабылган 12 жаран аныкталды.
Жарандардан келип түшкөн кайрылуулар:
- Жер укугуна байланыштуу маселелер-322
- Социалдык коргоого байланыштуу маселелер-364
- Документтештирүүгө байланыштуу маселелер-180
- Мүлккө байланыштуу маселелер-120
Ошол эле мезгилде кызмат тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттары (телекөрсөтүү, радио) жана интернеттеги социалдык тармактар аркылуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасы жөнүндө масштабдуу маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясы жүргүзүлдү.
Источник – Министерство юстиции Кыргызской Республики
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: