Талант Конокбаев Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын статс-катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма-соз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 15 майда кол койгон.

Талант Конокбаев 1962 жылы Нарын облусунун Талды-Суу айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук универститенин “журналист” адистиги боюнча аяктаган. Андан кийин Алматы шаарындагы Казахстандык экономика, менеджмент жана болжолдоо институнун “политология” адистиги боюнча аяктан. Конокбаевтин үчүнчү билими “юриспруденция” адистиги боюнча. Аны кайрадан КУУнен окуган.

Иш жолун “Кутбилим”, “Агым” газеталарынан баштаган.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.