1993-жылдын 25-сентябрында Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын 1-съезди өткөрүлгөн. Бул тууралуу партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаев өзүнүн партиялаштарына кайрылды.
“КСДПнын тагдыры Кыргыз Республикасынын тарыхы менен тыгыз байланыштуу. Биз элдин кызыкчылыгын коргоо менен адамдардын жыргалчылыгы үчүн иштегенбиз, эркиндик жана адилеттүүлүк үчүн күрөшкөнбүз. Бул үчүн үй-бүлөлүк – кландык режимдер башкарган жылдары биздин партиялаштарыбыз ырайымсыз куугунтукка алынган, жумуштарынан айдалып, кордук көргөн. Далайы сабалып, бир топ партиялаштарыбыз курман болгон. Бирок зөөкүрлөр бизди коркутуп, сындыра алган жок! Буга 2005 жана 2010-жылдарда болгон эки элдик революция далил”, – деп кайрылууда айтылган.
Экс-президент акыркы 8 жыл ичинде КСДП коомдогу алдыңкы ролду ойноп келгенин басмалады.
“Тарых КСДПнын алдына далай ирет эң кыйын тандоолорду койгон. Биз дайыма туура чечимдерди таап келгенбиз. Бирок, ага карабай, тазалануунун жана жаңылануунун учурдагы этабы өзгөчө оор болуп жатат. Анткени бүгүнкү күндө биздин партиянын аркасы менен кызмат жана депутаттык мандат алгандар, партия тарабынан бийик мамлекеттик кызматтарга көрсөтүлгөндөр биздин партиябызга кол салып, КСДПны бөлгөнгө, жаманат кылганга бүт аракеттерин жумшап жатат!” – деди Атамбаев.
Бирок Атамбаев партиядагы маселелерди да көтөрүүнү унутпады.
“Ошондуктан биз бүгүн партиянын ишин тереӊ талдап, жетишкендиктерди ойдон сыдырып, кетирген катачылыктардан жыйынтык чыгарышыбыз керек. Тескерисинче, ушул оор шарттарды пайдаланып биз “уйгактардан”, мансапкорлордон, саткындардан тазаланып алышыбыз керек! Партиянын келечеги карапайым таза адамдарда, жаӊы муунда, жаштарда!”, – деп Алмазбек Атамбаев жыйынтыктады.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: