24-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова Эмгек жана социалдык өнүгүү министрдин орун басары Лунара Мамытованын командировкалары боюнча текшерүү жүргүзүүнү сунуштады. Министрликтин маалыматына жараша Мамытова чет өлкөлүк командировкага 2 жолу чыккан.

“2017-жылдын 18-29-сентябрында Лунара Мамытова Италиядагы Турин шаарындагы социалдык коргоо боюнча сессиясына катышкан. 2018-жылдын 30-апрелинен 11-майга чейин АКШдагы «По сетям социальной защиты» сынагына катышкан”, – деп билдирмеде белгиленген.

Чакыруулар Мамытованын атына келип, барып-келүү чыгымдардын баары чакыруучу тарабынан толук төлөнгөн.

Ошондой эле, министрликтин маалыматы боюнча, Кытайдагы Хайнаньга министрдин орун басары өзүнүн өргүү мөөнөтүндө барып, дипломатиялык паспортун колдонгон эмес.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.