Каракол шаарында акыркы 10 жыл ичинде мейманканалардын саны 200гө жетти. Учурда заманбап үлгүдө курулган конок үйлөрдүн баасы жогору болгону менен тейлөө сапаты дал келбейт. Бул тууралу 46 жылдан бери иштеп келген «Ысык-Көл» мейманканасынын жетекчиси Шайыр Иманкожоева билдирди.
Анын айтымында өзгөчө жаӊы ачылган мейманканалар ишти жаӊы баштагандан тарта бааларды өтө жогорулатып жатат. Бул көрүнүш туристтердин акчасынан мурда тейлөө шарттарга туура келбейт.
«Каракол шаарында эле 200 гө жакын мейманкана курулуп, атайын каттоодон өткөн. Дагы 5-10 жылда туризмге багытталган конок үйлөрдүн саны 300гө жетиши мүмкүн. Ошол себептен тейлөө шарттарды жакшыртуубуз керек. Анткени азыр, жаӊы ачылган мекемелер тейлөө шарттарды эске албай, ишти жогорку баадан башташат. Менимче бул аракет бир күндүк гана жашоону ойлоп жатышат. Эгер ошол эле баалар тейлөө сапатына дал келбесе, анда ал турист кийинки жылы келбейт. Ал башкаларга да сунуштабайт. Ошондуктан туризмди өнүктүрүу үчүн мамлекеттик мааниде көӊүл буруп, кайрадан сервис боюнча окутуу зарыл» , – деди Иманкожоева
Маалымдай кетсек, Караколдогу мейманканалардын орточо баалары стандарттык бөлмө 300-600гө чейин, люкс бөлмөлөрү 1 миӊден -4 миӊге чейин, ал эми апартаменттин бир күндүк баалары 5 миӊ сомдон 12 миӊ сомго эсептелген.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: