Жогорку Кеңештин депутаттары Тышкы иштер министр кызматына талапкер Чыңгыз Айдарбековду колдошту. Талапкерди колдоп өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев өзү барды.

Чыңгыз Айдарбеков 1977-жылы Бишкек шаарында туулган. 1998-жылы Кыргызстандын эл аралык Университетин аяктап, “Эл аралык байланыштар” боюнча адистигине ээ болду.  2001-жылы – ошол эле университетинде “Юриспруденция” боюнча магистратурасын бүтүрүп, магистратура денгээли ыйгарылды.

Эмгек иш-аракетин 1998-жылы Тышкы иштер министрлигиндеги КМШ башкы Башкармалыгында атташе кызмат оордунда баштаган.

2011-ж. Президенттин аппаратынын тышкы байланыштар жана протокол Бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары. 2012-2016 жж. Жогорку Кенештин аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчиси. 2016-жылдын апрелинен тартып Кыргызстандые Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси.

Эскертсек, мурунку министр Эрлан Абдылдаев, Кореядагы экс-посол Кылычбек Султандын ТИМдин ишмердигиндеги катачылык боюнча билдирүүсүнөн кийин кызматынан өзү кетти.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.