“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиевдин Алмазбек Атамбаевти экс-президенттик кол тийбестигинен ажыратыш керек деген демилгесин кесиптештери колдоп кетти. Парламентте Масалиевтин сунушун 87 депутат колдоп, 14 каршы чыкты.
Депутаттык демилге Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо маселесине байланыштуу. Политолог Марс Сариевтин айтымында, эгерде экс-президенттин күнөөсү далилденсе, анда токтом аркылуу ал кол тийбестигинен ажырайт. Мындай кадам Кыргызстанда прецедент болот, анткени буга чейин эки экс-президент качып кеткен. Сариев, бул суроодо азыркы президент Сооронбай Жээнбеков да жардам бере албайт деп ишенет.
Атамбаевтин күнөөсү далилденип, кол тийбестигинен ажыраса, азыркы президент эч нерсе кыла албайт. Бул бир адамдын каалоосу эмес, коомдук кырдаал. Жээнбековтун коргоо кадамдары аны коомчулуктун астында шерик кылып коет, – деп политолог белгиледи.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: