КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Русгидро» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Николай Шульгинов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Эки тарап Кыргызстандын энергиясын экспорттоону көбөйтүү боюнча пландарды эске алуу менен гидроэнергетикалык тармакта өз ара пайдалуу кызматташуу келечектери талкуулады. Жогорку-Нарын ГЭС каскадына байланыштуу кырдаалды өз ара пайдалуу жөнгө салуу маселе негизги суроо болду.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, Кыргыз Республикасы жаңы генерациялык кубаттуулуктарды киргизүү жана тармактын экспорттук потенциалын өнүктүрүү үчүн гидроэнергетика чөйрөсүндө натыйжалуу кызматташууга кызыкдар.
Эскертсек, 2018-жылдын ноябрында “РусГидро” Жогорку Нарын ГЭСин курууга жумшаган $35 млн кайтаруу үчүн Гаагадагы Эл аралык сотко арызын берген. Кызматташ 2012-жылдын сентябрында Кыргызстан менен Орусия федерациясы Жогорку Нарындагы ГЭС жана Камбар-Ата-1 куруу боюнча келишим түзгөндөн бери башталган. 2016-жылдын январь айында Кыргызстан бир тараптуу келишимди бузган. Бул кадамга кыргыз өкмөтү “РусГидро” тарабынан курууга каражаты жоктугунан барган. “Русгидро” Кыргызстанга сартпаган $35 млн кайра кайтарууга талап кылган.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: