Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» (КГК) 2018-жылдын үчүнчү чейректкги өндүрүшүн жыйынтыкташты.
2018-жылдын июль-сентябрь айларында алтын өндүрүүнүн көлөмү 3,81 тоннаны тузүп, анын ичинен 3,72 тонна алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше 2018-жылдын үчүнчү чейрегинде 142,8 млн долларды түздү.
“Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын КГК, “Кыргызалтын” ААКы жана КР Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта ш. аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү КР аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААК гана ээ.
Операциялык жумшоолор (тоо-кен иштери, фабрикалык кайра иштетүү жана кенди кармап туруу) 5,5 млн долларга өстү жана 62,9 млн долларга жетти.
Тоо-кен иштерин жүргүзүүгө жумшоолор жалпы 53,2 млн долларды түздү(ал 2017-жылдын ушул мезгилиндегиден 4,6 млн долларга көп). 2018-ж. үчүнчү чейрегинде жумшоолордун өсүшү дизель отуну кымбаттап, жана аны сарптоо менен техника иштетүү убактысы узартылганга байланыштуу. Андан сырткары, кенде эмгек акы төлөөнүн өсүшүнөн келип чыккан.
“Жумшоолордун көрсөтүлгөн өсүшү жардыруучу заттарга жумшоолорду кыскартуунун (1,7 млн доллар) жана 2017-жылы ошол чейрегине салыштырмалуу үзгүлтүксүз өркүндөтүү системин киргизүүнүн артыкчылыктарынын эсебинен жартылай теңдештирилген”, – деп “Кумтөрдө” түшүндүрүштү.
Фабрика менен руданы кармап турганга канча каражат каралды?
2018-жылдын үчүнчү чейрегинде фабрикалык жумшоолордын көлөмү 2017-жылдын ошол чейрегиндегы 19,5 млн долларга салыштырмалуу 17,0 млн долларды түздү. Бул азайуу фабрикада техникалык тейлөөгө жумшоолордын азайышы (3,5 млн доллар) менен байланышкан
Кен ишканасын колдоого жумшоолор жалпы 12,1 млн долларды түздү(2017-жылы ал 10,6 млн долларды түзгөн). Көбүнчөсү азык-түлүктүн кымбатташы жана башка жумшоолор өскөнүнө байланышкан чыгымдардын өсүшү камсыздандыруу сыйлыктарды төмөндөтүү менен жартылай теңдештирилген.

Башка жумшоолордун динамикасы
Отчеттук мөөнөттө алтынды сатып өткөрүүгө байланышкан жешилүүгө, кунарсынданууга жана амортизацияга жумшоолор өсүп, 36,2 млн долларды түздү(2017-жылы 27,8 млн долларды түзгөн). Бул өсүш негизинен алтынды сатып өткөрүү көлөмүнүн көбөйүшү жана бай руданын келип түшүшүнөн улам, кыртыш ачууну капиталдаштыруунун амортизациясы жогорулашына байланышкан. Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор (унциясына USD), дүң кирешеге салыгын кошпогондо 662 долларды түздү, ал 2017-жылы 806 долларды түзгөн. Бул кыскаруу негизинен продукцияны сатып өткөрүү көлөмүнүн өсүшү, кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруунун төмөндөшү жана негизги фондуларды кармап турууга жумшоолордын төмөндөшү менен байланышкан. Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор, салыктарды кошкондо 831 долларды түздү, өткөн жылы 982 долларды түзгөн.
Геологиялык чалгындоого 18 миллион доллар каралат
Кумтөрдүн кен талаасын бойлото мүмкүн болгон рудалык минералдашуу зонасынын уландысын издөөгө жалпы көлөмү 60 чакырым чалгындоочу бургулоонун эки жылдык программасын иштеп чыгып, аткара баштады. Негизги бургулоо иштери карьердин борбордук, түштүк-батыш жана Сарытөр аймактарында жана түндүк-чыгыш тилкесинде жүрмөкчү. Программага 18 млн доллар, 6,5 млн доллары 2018-жылы жана 11,5 млн доллары 2019-жылы жумшалат.
2018-жылы бургулоо кыртышка жакын бөлүктөрдү, анын ичинде борбордук карьердин түндүк-батышындагы «хоккей клюшкасы» деп аталган зонада жүрөт. Андан сырткары борбордук жана түштүк-батыш карьерлердин ортосунда бургулоо жүрөт.
Жалпы 8318 метр көлөмдөгү 30 скважина бургуланган. Бургулоо иштери борбордук, түштүк-батыш жана түндүк-чыгыш карьерлеринде аткарылган. Бургуланган скважиналардын көбү (4507 метр жалпы узундуктагы 17 скважина) карьердин борбордук участогунун «хоккей клюшкасы» зонасында. Түштүк-батыш карьерде жалпы узундугу 2297,7 метр жети скважина бургуланган. Түндүк-чыгыш аймагында жалпы узундугу 1512,4 метр алты скважина бургуланган.
2018-жылы төртүнчү чейрегинде бургулоо иштери негизинен борбордук карьердин түндүк-чыгыш кырында жүрүп, рудалык минералдашуунун кыртышка жакын бөлүктөрү сынамакка алынат. Андан сырткары, «хоккей клюшкасы» зонасынын түндүк-батыш уландысы жана түндүк-чыгыштагы флангалары сынамакка алынат.
Жыйынтыктар боюнча жетекчиликтин комментарии
Центерранын Президенти жана Башкы кызмат адамы Скотт Перри мындай деп белгиледи:
“Бардык өндүрүштүк бөлүктөр чейректи травматизмге учурабай аякташты, жана биз максатыбызга: өндүрүштөгү кырсыктардын нөлдүк деңгээлине умтулуу менен Work Safe – Home Safe коопсуздук программабыздын экинчи фазасын улантуудабыз.
Чейректе ичинде жана иштердин графигинен озуу менен Кумтөр анда алтындын жогорку курамы менен рудалар жаткан карьердин борбордук участогунун SB зонасына чыкты жана ал жактан сырье казып алууга жана кайра иштетүүгө киришти. Мунун натыйжасында Кумтөр өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолору 4 662 доллар өлчөмүндө122 миң унциядан ашуун алтын өндүрүп, пландуу көрсөткүчтөрдү ашыра аткарды.
Үчүнчү чейректеги кирешелерибизди ачыктоодон кийин компания Кумтөр кен ишканасындагы алтын өндүрүүнүн жылдык планын 490-510 миң унцияга чейин, жалпы “Центерра” боюнча – 665-705 миң унцияга чейин көбөйттү. Андан тышкары, өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолору дагы төмөндөттүк”.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: