Агенттик тарабынан иштелип чыккан Мыйзам долбоору кабыл алынды

2023-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров Агенттик тарабынан иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган № 82 “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндө” Мыйзамга кол койду.

Бул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын:

— Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагы Ормон-Хан айыл аймагы деп;

— Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Борбаш айылы Кайрагач айылы деп;

— Талас облусунун Кара-Буура району Айтматов району деп;

— Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чымгент айылы Талас облусунун Айтматов районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чолпонбай айылы деп кайра аталды.

Источник – Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.