220 кВ «Кара-Балта – Башкы» жана «Башкы – Шу» жогорку чыңалуу линиялары (ЖЧЛ) өчүрүлдү. Кыргызстан энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, өчүрүүнүн себеби жүктөмдүн ашып кетишин алдын алуу үчүн системалык автоматиканын ишке кириши болду. Учурда «НЭСК» акционердик коомунун кызматкерлери электр энергиясын калыбына келтирүү менен алектенишүүдө.
Министрлик ошондой эле учурда технологиялык бузулууларды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын билдирүүдө.

Маалымат булагы open.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.