2026-жылдын 28-майында Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун Өнүктүрүү банкын түзүү маселелери боюнча үчүнчү консультативдик кеңешме болуп өттү. 

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов жана Кытай Эл Республикасынын финансы министринин орун басары Ляо Минь теңтөрагалык кылышты. Иш-чарага 26 өлкөнүн делегациялары офлайн жана онлайн форматта, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгынын өкүлдөрү катышты. 

ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү чечими 2025-жылдын 1-сентябрында Кытайдын Тяньцзинь шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынында кабыл алынган. Кабыл алынган декларацияда ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленип, кызыкдар мүчө мамлекеттер банкты түзүү жана анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу консультацияларды активдештирүү жөнүндө чечим кабыл алышканы көрсөтүлгөн. Белгилей кетсек, 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюму түзүлгөнүнүн 25 жылдыгы белгиленет. Быйыл Кыргыз Республикасы ШКУнун иш-чараларын өткөрүүчү өлкө катары чыгып, Уюмдун алкагындагы көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү активдүү ролун дагы бир жолу тастыктоодо. 

Маалымат булагы КРФМ 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.