Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси жана “Түндүк” ачык акционердик коому менен биргеликте Электрондук эмгек китепчени “Түндүк” мобилдик тиркемесине чагылдырды.
 
Электрондук эмгек китепче “e-Kyzmat” системасы менен иш алып барган уюмдардын кызматкерлери үчүн жеткиликтүү.
Электрондук эмгек китепчени көрүү үчүн жарандар “Түндүк” мобилдик тиркемесине кирип, “Маалымкаттар” бөлүмүн ачып, “Электрондук эмгек китепчесинен көчүрмө” кызматын тандап, өтүнмө жибериши керек. Өтүнмө дароо иштелип чыгып, электрондук документ түрүндө чыгат.
Бул жаңылык жарандар үчүн кызматтык маалыматтарды ыкчам жана ыңгайлуу алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн санариптештирилишин кеңейтүүгө багытталган.

Источник – Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.