Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2026-жылдын  7-июлунда Словак Республикасынын Братислава шаарында К. уулу К. Аттуу Кыргыз Республикасынын жараны каза болгондугуна байланыштуу төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Жогоруда белгиленген жарандын каза болгондугу тууралуу кабар (алдын ала маалыматтар боюнча сууга чөгүп кеткен) алынгандан кийин, Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Элчилиги анын жакын туугандары менен дароо байланыш түзүп, Братислава шаарында жашаган мекендештердин көмөгү аркылуу маркумдун сөөгүн Мекенине жеткирүүгө байланыштуу бардык зарыл иш-чараларды уюштурууга киришти. 

Учурда Элчилик К. уулу К.нын сөөгүн Кыргыз Республикасына алып келүү үчүн тиешелүү документтерди мүмкүн болушунча ыкчам тариздөө боюнча иштерди улантууда.

Ошондой эле ар тараптуу консулдук колдоо көрсөтүлүп, уюштуруу иш-чаралары координацияланып, маркумдун жакындары менен туруктуу байланыш камсыздалууда.   

Бул маселе Министрликтин жана КР Австриядагы Элчилигинин көзөмөлүндө турат. 

 

Маалымат булагы mfa.gov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.